Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Корея Президенти Мун Чжэ Инди жана өлкө элин Корея Республикасынын негизделген күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Инди жана өлкө элин Корея Республикасынын негизделген күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

«Биздин өлкөлөр ортосунда чыныгы достук мамилелер орногонун жана акыркы жылдары кызматташтык туруктуу жана ыраттуу өнүгүп жатканын белгилөө мен үчүн жагымдуу.  Корея Республикасын Кыргыз Республикасына болгон дайымкы колдоосуна ыраазымын. Биргелешкен күч-аракет менен өз ара пайдалуу кызматташтык болоруна жана мындан ары Сиздин жеке колдооңуз менен ийгиликтүү өнүгөрүнө ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Мун Чжэ Инге ден соолук, бакыт, мамлекеттик жооптуу кызматында ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги корей элине тынчтык жана бакубаттык каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: