Menu

Ноокаттыктар “Бир Болду” колдойт

Бөлүшүү:

“Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы өзү туулуп өскөн айылы Шанколго барды. Ал үгүт иштери соңуна чыкканына байланыштуу, партиянын колдоочуларына жана айылдаштарына ыраазычылык билдирди:

“Алдыда чоң тандоо турат! “Бир Бол” партиясы парламентке жаңы, жаш жана прогрессивдүү күчтөр келсин деп болгон аракетин жасады. Мен парламентке жаш жана ийгиликтүү команданы колдоо жана жардам берүү үчүн аттандым. Муну оор абалда турган өлкөгө болгон аманатым деп айтаар элем. Биз өлкөнү өнүктүрүү үчүн жаратман жаңы жүздөрдүн командасын түздүк, эми кезек силердин тандооңуздарда.

“Бир Бол” жаштардын жана сабаттуу талапкерлердин саны боюнча башка партиялардын арасынан биринчи орунда турат. Биздин партияда этникалык жана гендердик тең салмактуулук кармалган.

Сиздер тажаган, ишти жөндөй албаган, уятка калтыргандардан арылууга жардам берүү биздин колдон келет. Сиздин добуш – өлкөнүн келечеги, балдарыңыздын келечеги! Мен өз балдарымдын келечегин “Бир Болдун” жаңы командасына ишенип тапшырам!

Үгүт кампаниясы аяктап жатканда өзүм туулуп өскөн айылда, Сиздер менен ушул жерде турганым чоң  сыймык. Бул жылдар аралыгында менин жөлөгүм жана тирөөчүм болдуңуздар. Мен Сиздердин ишеничти актайм, парламентте Сиздердин үнүңүздөр болом деген үмүттөмүн.

Биз ийгиликтүү жана бактылуу өлкөнү курууга даярбыз!

Биз реформа жасоого даярбыз!

Биз системаны уурулардан жана коррупционерлерден тазалоого даярбыз!

Биз өз элибизге кызмат кылууга, элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө даярбыз!”

«Бир Бол» № 13, Жаратман күч!

   

   

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 2-октябрь, 2020-жыл.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: