Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын кызматкерлери өзгөчө ири көлөмдөгү баңгизатын ташыган жолду аныктоого жана ага бөгөт коюга багытталган атайын операцисын жүргүзүшкөн. Бул тууралуу ИИМдин БМЖККК басма сөз кызматы билдирди.
2019-жылдын 20-апрель күнү баңгитрафигинин жолуна бөгөт коюга багытталган ыкчам иш-чаралардын натыйжасында баңгизаттарды даярдоо, сактоо, сатуу, өткөрүп берүү менен алектенген жаран кармалган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 15 килограммдан ашык гашиш табылып алынды.
Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңги каражаттарын, акыл-эске таасир берүүчү заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоосатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, берип жиберүү ) менен катталды.
Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ