Өзбекстан Башкы прокуратурасынын алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан Ташкентте дагы бир каржы пирамидасынын негиздөөчүсү кармалды. Бул тууралуу «Хукук» гезити жазды.
Басылманын маалыматына караганда, жергиликтүү тургун буга чейин жабылган «Ахмадбай» аттуу каржы пирамидасынын сценарийи боюнча адамдардан 200% менен акча, автоунаа, мал жана башка баалуу буюмдарды алып келген. Ал аз убакыттын ичинде эле 350дөн ашык адамдан 3 миллиард 42 миллион 302 миң сум (357 миң доллардан ашык) акча чогултууга жетишкен.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган адам бул каражаттарды мыйзамдаштыруу үчүн жоопкерчилиги чектелген эки компания түзгөнү аныкталган.
Басылма жазгандай, ага карата алдамчылык, мыйзамсыз ишкердик менен алектенүү, соода эрежелерин бузуу жана мыйзамсыз жол менен табылган акчаларды адалдоо айыптары боюнча кылмыш иши козголгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ