Menu

Жолдогу “афёра” катуу талкууга түштү

Бөлүшүү:

Буга чейин деле бир топ маалымат булактарында Түркия менен Өзбекстандагы шылуундук үчүн эл аралык издөөдө жүргөн түркиялык ишкер Кыргызстанда Тараз-Талас-Суусамыр жана Ош-Баткен-Исфана жол долбоорлорун тендерден утуп келгени ачык эле айтьшып келген. Бирок, мурдагы бийлик бул аракеттерге салкын мамиле кылып койгон.

Жакында Ички иштер министрлигинин иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча буга чейин Кыргызстанда тендерлерди утуп, эки ири жол долбоорун ишке ашырып келген Түркиянын жараны, Йылмаз Хун Эртугрул деген ишкер эл аралык издөөдө жүргөнү аныкталды. Ислам өнүктүрүү банкы 2015-жылы Кыргызстанга Тараз-Талас-Суусамыр жолунун 75 чакырымын оңдоого 17 миллион 500 миң доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берген. Йылмаз Хун Эртугрул ээлик кылган түркиялык «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» компаниясы бул тендерди утуп алган. Ошондой эле анын бул компаниясы азербайжандык «Алке Иншаат Санайи» компаниясы утуп алган Ош-Баткен-Исфана жолуна туунду жалдануучу (субподрядчик) болуп кирген. Бул долбоордун 21,31 миллион долларын Ислам өнүктүрүү банкы каржылап, 2,5 миллион доллардан ашууну республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бул “эргулдардын” ири өлчөмдө акчаны сыртка чыгарып кетишине ким жол бергенине кызыкты: “Бул компания Транспорт жана жолдор министрлиги менен бирге бул долбоордон 1 млн. доллардан ашуун акчаны кымырып кеткен. Бизге ошондой эл аралык алдамчылар келип эле каалагандай иштеп, миллиондорду чыгарып кете берсе болобу? Мунун артында ким турат? Себеби кылмыш иши козголгон. Бирок ал ордунан жылбай токтоп турат» -деп суроо салды Момбеков.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: