Бүгүн, 28-ноябрда “Достук” мейманканасынын жыйындар залында өтүп жаткан “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын съездине ЖК депутаты Ирина Карамушкина да катышууда. Бул тууралуу ал журналисттерге алдын ала билдирген.
“Мен КСДПнын Бишкектеги бөлүмүнүн жетекчисимин. Бирок мага бул конференция тууралуу эч ким эч нерсе айткан жок. Уюштуруучулардан эч ким чакырган жок. Бардык нерсени эч кимге билдирбей даярдашыптыр. Барып эмнелерди айтышат экен угуп келейин деп чечтим”, – деген депутат.
Эске сала кетсек, мурда КСДПнын мүчөлөрү Чүй облусунун Москва, Сокулук жана Панфилов райондорунда партиялык конференцияларды өткөрүшүп, алар аталган партияны тазалоону талап кылышкан. Ал чогулуштар негизинен “Атамбаевсиз КСДП” деген ураан менен өткөрүлгөн. Уюштуруучу жана партиянын мурунку мүчөсү Сагынбек Абдрахмановдун айтымында, бул иш-чаралар жалпысынан партиянын курамынан экс-президент Алмазбек Атамбаевди чыгаруу үчүн өткөрүлүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ