Menu

Тике карап айткан киши айбаттуу

Бөлүшүү:

Саясатчылардын да ичинде ар кандайлары бар. Акчалуулары эч убакта карапайым элди ойлобойт, жалаң өзүнүн керт башынын кызыкчылыгы үчүн кам көрөт. Абдан өзгөрүлмөлүү, кошоматчы келет. Бир маселе чечсе да баарын акчага такап туруп жасоого маш. Жогорку бийликтегилерге үзүлүп түшүп мамиле жасайт, капыстан кызматтан кетсе артынан таш ыргытат. Алысты көрүүгө чамасы жетпей, акылдуулардын көмөгүнө муктаж болуп жүрө берет. Коомго ушулар коркунучтуу.

Бул турмушта пикирин түз айткандар, жолборс жүрөктүүлөр, мамлекеттин казынасына сугун артпагандар аз болсо да бар. Кандай дешсе да бүгүнкү күндө падышага да тике карап көкүрөгүндөгү уюган кебин айтууга жараган Адахан Мадумаровдун чабыттары байсалдуу болуп баратканы жалган эмес. Акыйкаттыкты туу тутканы үчүн алдында тизилип отурган экстердин ырайына карабай ачуу чындыкты айтканына калк калыс баасын берди. Баары бир “ак карга” деп сыпаттаган сынчылардан бул киши миң эсе салмактуу, айбаттуу, элге жагымдуу дегенге негиз бар.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: