Menu

Кашкар Жунушалиевдин ордуна кыраакы опер Сагынбек Исмаилов келеби?

Бөлүшүү:

Ушул күндөрү ИИМдин борбордук аппаратында моралдык-психологиялык климат начарлап, интриганын уюткусуна айланганын, министрдин өздүк курам менен иштөө жагы кедеринен кетип баратканын кайда катабыз? Кылмыштуулук менен күрөшүү солгундап, министр канчалык аракет кылса да, тармактагы айрым «крысаларга» алы жетпей, борпоңдугун көрсөтүп жаткандыгы жалганбы? Мындай шартта борбордук бийлик да Кашкар Жунушалиевдин кашаң жүрүшүнө баам салып, алдыңкы күндөрү анын кызматтык ордун карап көрүп, аны ИИМден бул сапар экинчи келгис кылып узатууга белсенишкени каңкууланууда. Далай МЕНТтердин көзүн кызартып, таңдайын такылдаткан бошочу орунга кыраакы опер, кылмыштуулук менен күрөшүү жагынан бийик тажрыйбага ээ болгон полковник Сагынбек Исмаилов келери чынбы? Сөөгүнөн бери анык «кызыл шапкечиге» айланган Сагынбек мырза ушул күндөрү УКМК төрагасынын 1-орун басары, коррупцияга каршы кызматтын жетекчиси катары ишти көркүнө чыгарып, президенттин ишенимин бийик деңгээлде аткарып жатканын көпчүлүк баса белгилеп айтып жүрүшөт. Исмаилов сыяктуу кыйын жетекчилерге кайсы кызматты ыроолошсо да, мамлекет үчүн утуш болору, андыктан, ага эч тартынбастан күч органдарынын тизгинин тапшыруу мезгилдин талабы экенин айтып коюу кажет.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: