Menu

Искендер Матраимов Википедиядагы “Матраимовдордун коррупциялык кланын” атайын каралоо деп эсептейт

Бөлүшүү:

Интернеттеги эркин энциклопедия – Википедияга бир туугандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Искендер Матраимов, Кыргызстандын бажы тармагындагы жетекчи кызматтарда иштеп келген, коомчулукка “Раим миллион” деген каймана ат менен белгилүү Раим Матраимов жана Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдордордон куралган коррупциялык клан тууралуу “Матраимовдордун коррупциялык кланы” деген көлөмдүү макала жарыяланаар замат чагылгандай тездик менен башка социалдык тармактарга да тарады.

Макалада Матраимовдор кланына тууганчылык принцип менен түзүлүп, мамлекеттик мүлктү менчиктөө, мамлекеттик бюджеттен өзгөчө чоң суммадагы акча каражаттарын уурдоо, саясий калкалоо, мамлекеттик кызмат орундарын сатуу, контрабанда, ири көлөмдөгү бангизаттарды ташууну көзөмөлдөө, зомбулук, рэкетирлик, шантаж, кысымга алуу сыяктуу мыйзамсыз ишмердик жүргүзгөн, Кыргызстан менен Тажикстандын саясий-мафиоздук топтору менен тыгыз ымала кылган Кыргызстандагы олигархиялык, коррупциялык, улуттук кылмыштуу клан, финансылык-саясий топ катары мүнөздөмө берилет.

Википедиядагы маалымат боюнча, бул кландын башында кыргыз парламентинин учурдагы депутаты И.Матраимов турат, б.а. ал – кландын “атасы. И.Матраимов жаш кезинде белгилүү партиялык-мамлекеттик ишмер, Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун катчысы Санабар Бахапованын кызына үйлөнүп, анан кайненесинин колдоосу менен кызмат тепкичтеринде тез көтөрүлө баштаган. Кийин С.Бахапова Мамлекеттик мүлк фондунун Ош аймактык бөлүмүн башкарып турганда ушул тармакка кызматка которулган. Акырындап мүлк фондундагы жетекчи кызматтарга жетип, мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү аркылуу алгачкы капиталын топтогон.

Кыскасы, макалада Матраимовдордун дээрлик 30 жылдан берки мыйзамсыз ишмердиги тууралуу, керек болсо, атайын таблицалардын коштоосунда  өтө кенен маалымат берилет. Бирок, материал кимдер тарабынан даярдалып, Википедияга кимдер тарабынан жарыялангандыгы азырынча белгисиз. Бирок, макала азыр социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

Ал эми Викиядагы макаланын “башкы каарманы”,  депутат Искендер Матраимов бул боюнча: “Мен ал макаланы окуп алып күлкүм келди. Бул жомок, менин италиялык мафиоздорго теңеп салыптыр. Аны окусаң, Кыргызстанда таптакыр мамлекеттик бийлик жоктой элестейт” деп, материал атайын каралоо максатында даярдалып, интернетке жарыялангандыгын, аны өчүртүүнү ойлонуп жаткандыгын билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: