Menu

Путин Орусиянын сырткы саясатынын концепциясын бекитти

Бөлүшүү:

Орусия президенти Владимир Путин өлкөнүн сырткы саясатынын жаңы концепциясын бекитти. Кечээ кол коюлган жарлыктын жана концепциянын тексттери укуктук маалыматтардын расмий порталына жарыяланды.

Концепцияда Орусиянын сырткы саясатынын максаттары катары өлкөнүн коопсуздугун жана экономикалык өнүгүүсүн камсыздоодон сырткары «белгилүү бир өлкөлөр менен ынак коңшулук мамилелерди» калыптандыруу, алардын аймактарындагы жаңжалдарды жоюуга көмөктөшүү» жана «чет өлкөлөрдөгү орус жарандарынын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын» коргоо жөнүндө айтылат. Андан сырткары документте «эл аралык укуктун артыкчылыгы» жана БУУнун ролун бекемдөө зарылдыгы белгиленген.

Концепцияда Украина менен алакаларды «улуттук кызыкчылыктарды сактоо менен өз ара сыйлашуунун негизинде» түзүү сунушалган. Документте аннексияланга Крым, ошондой эле Донецк жана Луганск облустарындагы жаңжалдар тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: