Ар бир министр, ар бир чиновник 10-15% үлүштө отурушат. Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева (КСДП) экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди.
Депутат Бельгиянын фонд ачууну каалаган өкүлчүлүктөр менен жолуккан учурда, алар Улуттук банк менен экономика министрлиги кабыл албай жаткандыгын айткан. Депутаттын айтымында, Европалыктар долбоор тууралуу кайрылганда 9 аткаминер үлүшкө отурууну» каалашкан. Бул боюнча: «Мен аларды мекендин саткынчылары катары социалдык баракка жарыялоо үчүн алардын визиткасын сурадым» – деп билдирди. Ошондой эле эгерде компания ишке кирсе, бир жылдык айлануусу 1,5 млрд. еврону түзмөктүгүн кошумчалап: «Бизге 1,5 млрд. евронун кереги жок да. Бизге акчанын бир бөлүгү кимдир бирөөнүн чөнтөгүндө калуусу кажет да» – деп каңырык түтөттү.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ