Menu

Телмирип турган Текебаев, эртеңкисинен эмнени күтөт?

Бөлүшүү:

29-августта Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон. Тагыраагы үй камагына чыгарган. Соттон 5 күндүк өлкө аймагын кыдырып келүүгө уруксат алган Текебаев энесине жолугуп эле, эл аралап кеткени кызык болду. Бул анын саясаттан көңүлү кала элек же “… бир койлук алы бар” дегенди түшүндүрүп түрө кыдырып келди. Саясатчы азыр анын алдында биринчи кезекте соттон акталып чыгып, юридикалык жана саясий жактан реабилитация болуу иштери турганын билдирди. Аны менен бирге чоң саясатка аттанып, өлкөдөгү саясий кырдаалдарга кош көңүл болбостугун, керек болсо баардык бийлик бутактарын кайсыл жактарында кемчиликтер кетип жатканын да ачык айтаарын айтып чыкты. Муну менен оппозициялык маанайдагы саясий топко кошулат деп айтууга эртелик кылаарын Текебаев өз сөзүндө бийлик менен да кызматташууга даяр экенин билдирип, ал ойдо тургандардын жалындуу оюна суу сепкендей кылды.

Ошентсе да Текебаевдин: “Мен реалдуу саясий күчтөр менен, анын ичинде бийлик менен да кызматташууга даярмын. Ал макулдашуу жана компромисске баруу. Бул татаал процесс. Эгерде маанилүү маселелер боюнча бир пикирге келе албасам мен аны шайлоочуларыма айтам. Өкмөт, парламент жана президент эмнеден ката кетирип жатканын көрсөтөм” – дегени, сот иштеринин таза бүтө элек кезде эле мындай аракетте болуусу, бийликке бир топ эле коңгуроону жараткандай болду. Кыргызстандын бүгүнкүдөй экономикалык, саясий абалы менен бийлик тарапты мактап олтуруу Текебаевдин натурасы эмес. Демек, Текебаев келечекте күчтүү оппозициялык блокту жетектеп калуусу турган иш. Азырынча анын алдыда соттук иштери турат. Ал үчүн ар кыл пикирлеринин ичине бийликти бир бүктөм менен кошуп, колтугуна кысып турбаса болбойт. Социалдык түйүндөрдө жубайы Айгүл Текебаева да жолдошу Өмүрбек Текебаев менен бирге кафелердин биринде жакындары менен олтурган сүрөтүн жүктөп, “алдыдагы акталып чыгуу иштерин акылдашуу аракетиндебиз” деген билдирүүсүн калтырган. Демек, Текебаев жана анын үй бүлөсү Атамбаевдин атайын жасалган аракеттеринен азап тартып, азыркы бийликтин минтип акталышына жол ачып берген аракетин алмаштырбай, үй бүлөлүк сагыныч менен ден-соолукту калыбына келтиргенче бийликтин кемчилигин айтып чыгууга далалаттанбайт деле. Бирок, сөзүндө кемчиликтерди кезеги келсе ким болбосун айтаарын азыртан эскертиптир. Текебаев дегеле бийлик менен бир болуп кете албасын, баягы парламент башчысы болгондо эле далилдеген. Ал бийликтин казанына батпайт. Рамкасына чак келбейт. Ал эркин жана сын айтып турбаса “башы ооруйт”. Кала берсе, сындан сыймык күтүп, суу ичпей, нан жебесе да кайсыл бир бийликтин шишин жарып турбаса Текебаев болбой калаарынан коркот. Кыскасы, Текебаев эл сөзүндө, эл көзүндө “бийликтин камчысын чаап калыптыр” дегенди элестете албайт. Андыктан, Текебаев таза акталып чыкса ал тараптан “аңкылдаган” арык суусундай болгон сын-пикирлерди күтө берсек болот.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: