Камчыбек Ташиев шайлоонун жыйынтыгы боюнча массалык маалымат каражаттарына азырынча комментарий бере элек. Бирок ал өзүнүн биринчи кайрылуусун Фейсбуктагы баракчасында өз тарапкерлерине жасады.
Ал башка катышуучулардай эле шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү деп эсептейт, бирок ал дагы деле оптимисттик көз карашта.
“Урматтуу Мекенчилдер, шайлоочуларым! Өлкөбүздө болуп өткөн шайлоо таза эмес өткөндүгүнө күбө болдуңуздар! Бирок акыркы алдын ала эсептөөлөр бүгүн, 5-октябрда жыйынтыгы чыгат деп күтөбүз. Мен аягына чейин турамын, сиздер да туруңуздар, биз жеңебиз буйруса”, – деп жазган ал.
Эскерте кетсек, алдын-ала эсептөөлөр боюнча “Мекенчил” партиясы 6,84% добуш алган. 7% тоскоолдукту жеңүү үчүн 0,16% жетишсиз. Добуштарды алдын ала эсептөө бүгүн чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынан маалыматтар келип түшкөндө аяктайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ