Кечээ шаар депутаттары тарабынан шаардын мэри болуп шайланган Мураталы Тагаев бүгүн шаардык ишкана-мекемелердин жетекчилери менен алгачкы таанышуу жыйынын өткөрүп, шаарда жүрүп жаткан иштердин сапатына көңүл буруу жагын көлдөлөң койду. Бул туралуу Жалал-Абад мэриясынын маалыматтык борбору билдирет.
Буга чейин шаарда болуп келген жакшы иштерди белгилөө менен шаардын келечеги үчүн башталган бир катар долбоорлорду аягына чыгаруу, шаар турмушун бардык аспектилерде жакшыртуу боюнча багыттарды аныктады. Бардык көйгөйлөрдү биргеликте чечүү зарылдыгын айтты.
-Шаар турмушуна баарыбыз чогуу жооптуубуз, партияларга же башка топторго бөлүнүүчүлүк болбошу керек. Биздин партиябыз – шаардын калкы, калктын мүдөөлөрү үчүн гана иштейбиз. Жеке мен өзүм кабинетте отура бербей, сиздер менен чогуу шаардын түйүндүү маселелерин жеринде чечкенге кызыкдармын, – деди ал.
Ошондой эле, кадрларга, алардын тажрыйбасына урматтоо менен карай турганын, кадрларды алмаштыруу маселесин күн тартибинде жоктугун айтып, мындан ары иштин сапатын жакшыртуу талабы күчөй турганын кулак кагыш кылды.
-Интригалар менен алектенгенди токтотуп, быйылкы башталган бардык иштерди өз мөөнөтүндө сапаттуу аткарууга жетишүү зарыл. Шаарда ириттүүлүк жана тазалык болушу абзел. Ал эми бул жагынан аткара турган иштерибиз көп, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ