Кечээ, 21-октябрь күнү Талас ОИИБнин жыйындар залында кеңешмеге Талас шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары, Талас ОИИБнин жетекчилик курамы жана кызмат башчылары катышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, облус аймагындагы криминалдык абал, жалпы кылмыштуулук жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү милициянын ишмердүүлүгүн талкуулашкан.
Ар бир кылмыштын түрү боюнча токтолуп, себептерин аныктоого жана кылмыштын санын азайтууга карай багытталган иш-мерчемдер каралган.
Райондук ички иштер башчыларына мал уурулук боюнча профилактикалык иштерди күчөтүү керектиги айтылган.
Талас ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков кызмат башчыларына коронавирус инфекциясы күчөп жатканын эскертип, санитардык режимди сактоону, ага тиешелүү профилактикалык иштерди жандандырууну жана ар бир кызматкердин саламаттыгына кам көрүүнү буюруган.
Облус аймагында катталган резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачуу максатында иш чараларды күчөтүү үчүн тапшырмалар берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ