Menu

Видео – Ким Чен Ын менен Дональд Трамп жолугушуу үчүн Сингапурга барышты

Бөлүшүү:

10-июнда алгач Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, андан соң АКШнын президенти Дональд Трамп 12-июнга белгиленген «тарыхый жолугушуу» үчүн Сингапурга барышты. Эки лидерди тең Сингапурдун тышкы иштер министри Вивиан Балакришнан тосуп алды.

Сингапурга учаар алдында жолугушууга оптимисттик көз карашта экенин айткан Трамп Кимдин мунасага келүүгө болгон мамилесин тез эле сезип коерун, эгер олуттуу мамилени көрө албаса, анда бул сүйлөшүүлөргө «убакыт коротпостугун» белгилеген.

АКШ менен Түндүк Корея башчыларынын жолугушуусу мүмкүндүгү тууралуу алгачкы жолу быйыл мартта айтылган. Анда дипломаттардын көпчүлүгү бул жолугушуунун ыктымалдыгы өтө төмөн экенин айтышса, Вашингтондогу булактар Трамп сүйлөшүүлөрдүн керектигинен күмөн санабай турганын билдиришкен.

Андан соң апрелде Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) ошол кездеги директору Майк Помпео Ким Чен Ын менен жашыруун жолугуп, 9-майда АКШнын мамлекеттик катчысы кызматында Пхеньянга барган. Анын бул сапарынын максаты эки лидердин жолугушуусуна даярдануу болгон.

Анда Помпео Корей жарым аралында тынчтыкты камсыздоо үчүн АКШ Түндүк Корея менен бирге иштешүүгө кызыктар экенин билдирген.

Ал сапардын жүрүшүндө Түндүк Корея бийлиги тарабынан туткундалган үч америкалык бошотулуп, Пхеньян өзөктүк сыноолор үчүн даярдалган полигондорду бузуп, өзөктүк куралдан баш тарта турганын билдирген.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: