Menu

Сүлүктү, Кербен, Токтогул, Балыкчы шаарларын өнүктүрүү багытында 12,8 млн доллар бөлүнөт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште Кыргызстандын бир катар чакан шаарларын өнүктүрүүгө багытталган «Бишкек шаарында 2016-жылдын 25-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Шаарды өнүктүрүү долбоору) ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Сүлүктү, Кербен, Токтогул, Балыкчы шаарларынын социалдык объектилеринин абалын, электр энергиясы менен камсыз кылууну, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу багытында 12,8 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Анын ичинде, 6,6 млн доллар жеӊилдетилген насыя, ал эми 5,4 млн доллар гранттык каражат болуп саналат. Ага кошумча КР Өкмөтү да 2,4 млн доллар каражат кароого тийиш.

Долбоор АРИС тарабынан ишке ашырылат. Долбоордун алкагындагы иштер 2017-жылы башталат. Насыя каражаты республикалык бюджеттин эсебинен жабылууга тийиш.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: