Ар бир мамлекеттик кызматкер COVID-19 менен күрөшүүгө кеткен чыгымдар жөнүндө отчёт берет. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Ал социалдык тармактарда сырттан келген акча каражаты боюнча кызуу талкууланып жатканын айтып, “400 миллион доллардан ашык каражатты өкмөт, аткаминерлер кайда сапртаганы белгисиз, сол чөнтөгүнө салып алышты” деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.
“Урматтуу президентибиздин жардамы менен сырттан сүйлөшүлүп, алынып келип жатканын акчадан 291,9 млн доллары келип түшкөн. Бул бюджетти колдоого жана коронавируска каршы күрөшүүгө багытталган. Калган акча каражаттардын да келүүсү күтүлүүдө. Бүгүнкү күндө “акчаны жеп, ичип алды” деген сөздөр жок. Келген акчалар боюнча, алардын кайда сарпталып жатканы боюнча отчеттор берилген. Бирок, буга карабастан эл арасында ушак сөздөр айтылып жатат” – деп билдирди премьер-министр.
“Эч кимге элдин акчасын жегенге, ичкенге жол бербейбиз. Бул боюнча атайын кызматтар башынан баштап катуу көзөмөлгө алып, иштеп келе жатышат. Бир аз чыдап турсак, коронавирусту жеңип алгандан кийин, ар бир мамлекеттик кызматкер отчёт берет” – деп билдирди Кубатбек Боронов.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ