Menu

Премьер-министр эмне себептен өзгөчө абал режимин узартууну сунуш кылгандыгын түшүндүрдү

Бөлүшүү:

Коронавирустук инфекциянын жайылышы Бишкек жана Ош шаарларында кооптуу бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымы боюнча, коронавирустун жайылуу коркунучу сакталууда, буга байланыштуу айрым аймактарда өзгөчө кырдаал абалын узартуу зарылдыгы келип чыккан.

“Бишкек жана Ош шаарларында абал кооптуу бойдон калууда. Себеби, кээ бир адамдар ким менен байланышта болгонун билбей калып жатат. Ошондуктан, өкмөт республикалык штаб менен бирге дарыгерлерибиздин берген сунушун угуп, президентибизге кайрылып, өзгөчө абалды кармап туруу боюнча сунушубузду бердик. Биздин бул сунушубузду Коопсуздук кеңеши да колдоп берди. Сиздер да колдоп бересиздер деп ойлойм. Күнүмдүк тапкан акчасы менен жашаган жарандарды кармай албайбыз. Ошондуктан карантинден акырындык менен бошотолу деп, экономикалык тармактагы бир нече ишканаларды коё берели деп жатабыз” – деп билдирди премьер-министр.
Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: