Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик жана тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте коронавируска каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жугуштуу илдеттин алдын алуу максатында шаар аймагындагы базар, соода борборлору, чакан дүкөндөр текшерилип, санитардык нормалардын сакталышы көзөмөлгө алынган.
Ал эми, тиешелүү нормаларды сактабаган жактарга келтирилген кемчиликтерди жоюу талаптары коюлган.
Милиция кызматкерлери жарандарды оорудан сактанып, медициналык каражаттарды колдонууга чакырып, ошондой эле аралыкты сактоо, бет кап тагынуу, антисептикалык каражаттарды ар дайым жанына алып жүрүү учурдун талабы экендиги жеткирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ