Жалаң эл аралык аферисттер менен иштешүүнү эп көргөн Атамбаев дагы бир шылуун, “балит технологу” Алексей Василивецкийди өлкөдөн оолак сыртка чыгарды. Орусиядан келген “акылдуу кеңешчи” Кыргызстандан качып кеткенин президент Жээнбековго байланыштырып жатканы менен, чындыгында кеп төркүнү башкада.
Анткени, Василивецкий АШАнын жана анын айланасындагылардын тирукмуш кылыктарынын баарын билет. Ошондуктан мындай “маалымат алып жүрүүчүнүн”, “ач кулактан, тынч кулак” Кыргызстандын тыш жүрө турганы алар үчүн абдан ыңгайлуу.
Экинчи тарабы, башка өлкөнүн жараны Василивецкийдин оозу менен азыркы бийликти каалагандай шыбап, ар кандай интригалары аркылуу коомдун терс пикирини түзүү.
Бирок, эл булардын ойдон чыгарылган калптарына эч убакта ишенбейт. Анын үстүнө, “Василивецкий” деген ким экенин, ал Кыргызстанда кандай жумуш аткарганын бир кездеги СДПКнын жаштар канатынын лидери Ринат Самудинов коомчулукка “жалаяктай жайып салды”. Андыктан, бүгүн Атамбаев, Фарид Ниязов, Алексей Василивецкий бул бир ажыдаардын үч башы сыяктуу эле түшүнүк. Мындай көрүнүш жеткен арамзалык болгону менен – АШАнын жашоо образы.
Василивецкийдин СДПКдан, демек, АША менен анын негизги идеологу Фаридден ажырагыс экенин төмөндөгү сүрөттөр деле айгинелейт.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ