Menu

Тагаев түзүк чыкты

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев жаңыдан ишке киришкенде алгачкылардан болуп биздин гезит сын айткан элек. Тагаевдин мэр болуп иштегенине бир жылдын жүзү болду. Анын жасаган ишине сын айтпастан, жеке адамдык аброюна асылгандар көбөйдү. Анткен менен Мураталы мырза өзүнүн дарегине айтылган сындарга сынып калбай, өзүнүн дараметин иш жүзүндө көрсөтүүгө аракет жасап келди. Эр жигит деген ушундай болуш керек да.

Ар бир сөзгө чычалап, ар ким менен акыйнек айтыша берүү менен иш алдыга жылмак беле. Тагаевдин Жалал-Абад шаары үчүн бир жылда жасаган иштери көңүл жылыта турган болду.

Муну шаарга баргандар дароо эле сезишет. Иштей турган азаматтарды креслого көзү кызаргандардын сыны менен карай берсек, көзгө көрүнө турган иш жасалбайт да. Мураталы мырзанын өткөн учуруна көз салып, артта калган учурду кайта-кайта айтып, жаза берүүнүн өзү туура эмес. Өткөндү унутуп, азыркы күн, келечекке баа бергенди үйрөнүшүбүз керек. Тагаевдин бүгүн жасап жаткан иштери, Жалал-Абад шаарын көтөрүүгө жасаган аракети колдоого аларлык. Иштеп жаткан кишини азамат деп эле айткан оң болот. Калыс кеп баарынан жогору да. Тагаевдин өзүнө асылып сындагандар, жасаган иштерин Жалал-Абадга барып, өз көзүңөр менен көрсөңөр башка ойдо калмаксыңар…

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: