– Исхак мырза, кандай эс алып жатасыз? Көлгө бардыңызбы?
– Новосибирскиге барып келдим. Россиялык коммунисттердин конференциясына катышып, эки күн бош болгондо биздин мигранттар менен жолугуштум. Биздин кыргыздардын улак тарткан жерине бардым. Жылкылары бар экен. Азаматтар! Бала-чакасы менен келип, кой союп, ошол жерде эс алып, Кыргызстанды эстеп турушат экен.
– Азыр эле интернетти карасам, экс-президент Алмазбек Атамбаев сиз тууралуу «мага жай бою балык ташычу» деп айтыптыр…
– «Ташыган» деген туура эмес. Мен жөн гана белек катары алып барып бергем. С удовольствием жеген. «Рахмат» деп айткан. 2000-жылдан бери экөөбүздүн мамилебиз жакшы болчу. 2017-жылга чейин жакшы болуп жүрдүк. Ар бир алты айда бир жолу жолугуп турчу элек.
– Өзүңүздүн көлмөдө өстүргөн балыктан да ээ?
– Албетте. Өзүм өстүргөн балыктан берем да.
– Юрист катары ал кишинин «суракка барбайм, үйүмө эч кимди киргизбейм» дегенин туура көрөсүзбү?
– Бул укуктук нормадан чыгып кеткен ситуация. Эми мунун бир гана жолу бар – күч менен алып келиш керек.
– Элди чогултуп, каршылык көргөзсөчү?
– Элге түшүндүрүш керек да. Ар кандай адам сот жоопкерчилигинен коркобу-коркпойбу, суракка барышы зарыл. «Укуктук талаа» дейбиз. Болбосо, эртең ар бир жаран ушундай позицияда туруп алышы мүмкүн.
Керим Мурас
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ