Menu

Нурлан Намазбеков, “Азия-НУР” бий ансамблинин жетекчиси: “”Саны көп, сапаты жок бийчилер толтура”

Бөлүшүү:

Бий – бул керемет көрүнүш. Бий өнөрүн асырап, өздөштүрүп, дагы башкаларга үйрөтүү –  бул чоң эмгек дагы, кудайдын берген куттуу дарамети. Мен тээ мектеп окуучусу болуп жүргөн кезде эле Нурлан Намазбеков деп укчу элем. Минтип убакыт өтүп Нурлан агай менен жакшы тааныш, ага-карындаштай жакшы санаалаштардан болуп калдык. Мен ар дайым Нурлан агайдын өнөрүнө кызыкчумун, дагы деле кызыга берем. Себеби, кыргыз шоу бизнесинде эркектерден алгачкы бийчи болуп чыккан мына ушул инсан. Ушул өнөрдү таштабай бүгүнкү күнгө чейин алып келүүнүн сырлары, негизи эле чыгармачылык, 20 жылдыктын үзүрү тууралуу учкай суроолорду узаттым…

– Эмне үчүн “Азия-Нур”? Эмне үчүн бийчилик кесипке басымдуулук кылдыңыз?

– 1992-жылы Сокулук айылындагы маданият үйүндө «НУР» бий тобун ачкан элем. Кийин Бишкек шаарына көчүп келсем мындай аталыштагы  бий тобу бар экен. Анан мен Азияны кошуп «АЗИЯ-НУР» деп атап койдум. 1-класстан баштап пионер үйүндө хордо ырдачумун. 7-класста үнүм бузулуп, мугалимим бир жыл ырдабайсың, үнүн өзгөрүлгөнчө деген. Ал убакта мен бийге дагы кызыгуум бар эле, анан барып бийге жазылып алгам. Анан хорду таштап салып бийге көбүрөөк басым жасадым. Кийин Алина Жетигенованын группасында иштеп жүргөндө кайра ырдай баштадым.

– Чыгармачылыкка аралашканыңызга жыйырма жылдан ашыптыр, бул аралыкта көп жеңиштер, анын арасында утулуулар, көралбастык мамилелер болгондур. Ушунун баарын бирдей көтөрүп келе жатканыңыздын сыры эмнеде?

– Мен ушу маданият чөйрөсүндө жүргөнүмө 25 жыл болду. Көп нерсени көрдүм. Биринчи профессионалдуу сахнаны аттай баштаганда көп адамдар жардам беришти. КТРКда мурун ыраматылык Жылдыз  Токтосунова деген режиссёр эже бар болчу. Мени ошол эже көптөгөн берүүлөргө, съёмкаларга чакырып тартчу. Көралбастык, бут тосмойлор көп болду, бирок мен маани берчү эмесмин жана бүгүнкү күнгө чейин бербей келе жатам. Ой досум деп туруп артыман жамандаган шоу дүйнөсүндө жасалма достор азыр да бар. Мен аларды кандай адам экендигин билем. Жакын досторум бар, бирок искусствого эч кандай тиешеси жок алардын. Албетте кыргыз шоу бизнесинде өзүмдүн ордум бар. Баары менен жакшы мамиледемин. Өзүмдүн ишимди так билем, ошон үчүн ушунча жыл талыкпастан ийгиликтерге жетишип иштеп келе жатам.

– Бий тобуңузда бүгүнкү күнгө чейин канчасы тарбияланып чыкты жана канчасы тарбияланып жатат?

– «АЗИЯ-НУР» элдик ыр жана бий тобуна быйыл 15 жыл толду. Азыр топто 300гө жакын улан-кыздар тарбия алышат. Биз чет өлкөгө фестиваль жана конкурстарга көп барабыз, ошондуктан биздин тартипке, сабактарыбызга көп тарбиялануучулар чыдашпайт.

– Көп өлкөнү кыдырдыңыздар. Мамлекеттин желегин көп жерде желбиретип келесиздер. Бул жаатта мамлекет тарабынан каржылык маселеси кандай же демөөрчүлөр барбы?

– Көптөгөн конкурс, фестивалдарга жылына 3-4 жолу каражатты өзүбүздүн чөнтөгүбүздөн чыгарып барып келебиз. Мамлекеттен эч кандай жардам жок жана болгон дагы эмес. Бүт ата-энелердин гана жардамы менен.

– Алгачкы сахнага чыккан кадамыңызды айтып берсеңиз?

– Профессионалдуу сахнага 1996-жылы «Кадыр түн» деген фестивалга Алина Жетигенова менен бийлеп чыккам. Ал кезде «Алина» группасында мен эң кичинекейи болчумун. Медер Кадыршаев, Нургүл Абылмажинова деген чоң артисттер менен иштегениме сыймыктанам.  Эки жылдан кийин группага Назира Жетигенова, Мирлан Жетигенов кошулду.

– Бүгүнкү күндө бий кесибин аркалоо кыйынбы?

– Бүгүнкү күндө бий кесибин жаңыдан аркалоо кыйын. Анткени бий топтору көп, бирок профессионалдуу деңгээлде иштегендер аз. Жөн эле топ түзүп алып концерттерге, тойлорго чыга беришет. Азыркы күндө «коммерциялык бий топтор» көп, алар көбүнчө тойлорго чыгып иштешет, мындайча айтканда, саны көп, сапаты жогу көп.

– Көп балдарды тарбиялап уядан учурдуңуз, ушул кесиптен кээде тажап кеткен күнүңүз болгонбу. Себеби, ар бир баланын кулк-мүнөзү бар…

– Көп балдар ансамблди бүтүрүп кетишти. Балдар менен иштеш кыйын, бирок мен психолог болуп калгам. Ар бир баланын мүнөзүн билем. Кимге кандай мамиле жасашты дагы өздөштүрүп алгам. Эми көп балдарга аралашкан бала мүнөзүн өзү эле оңдойт. Үйдө эрке болсо, бизде эркелей албайт, бизде тартип күчтүү. Кээде чарчаганда болду, башка жумуш издейм деп чыгам. А бирок бир-эки күн эс алып алып кайра жумушка баргым келет. Бийчилик кесип менин жашоомдун стимулу. Мен эч качан бул иштен танбайм дагы, тажабайм дагы. Алдыда жасай турган көп иштер бар, буюрса күбө болосуздар!

– Саясатка кандай карайсыз?

– Кечирип койгун, саясатты карагым дагы келбейт. Себеби, аны ойлоп, кошулуп өзүнчө эле бир нерсе болуп кыйналууну туура көрбөйм. Саясаттын өзүнүн адистери бар, ошолор ойлоп, карашсын. Мен артистмин, менин жан-дүйнөм башка.

Назира Бегим

Булак: Асман плюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: