Menu

Ашхабадда мыйзамсыз акча алмаштырууга каршы күрөш башталды

Бөлүшүү:

Ашхабад базарларында мыйзамсыз акча алмаштырууга жана доллар менен соодалашууга каршы күрөш башталды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына таянып жазды.

«5-июлда борбордогу бир нече базарда текшерүүлөр жүрүп, айрым учурларда кээ бир адамдар жеке тинтүүгө алынышты», — деп билдирди булак.

Басылманын Дашөгүз шаарындагы кабарчысы дагы аймакта мыйзамсыз акча алмаштырууга каршы күрөш башталып, мындан улам айрым ишкерлер банкротко кептелишкенин кабарлады.

Өкмөттүн 5-июлдагы жыйынында борбордо мыйзамсыз доллар саткан адамдардын тобу кармалгандыгы айтылган.

«Ашхабаддагы «Чандыбил» базарында тиричилик техникасын саткан дүкөндүн ээси кардарлардын бирине чет өлкөдөн алып келинген товарлар доллар менен сатыла турганын айткан. Андан кийин Түркмөнстанда доллар менен соодалашууга болбой турганы айтылып, бир нече дүкөнгө мөөр басылды», – деп билдирди басылманын булагы.

Анын айтымында, «Русский базар» жана «Мир» базарларындагы бардык соодагерлерден «Эгер доллар менен соода кылсам, кылмыш жоопкерчилигине тартылууга макулмун» деген тилкат жаздырып алышкан.

Андан тышкары аларга эгер доллар менен соода кылуу маалында колго түшсө, анда дүкөндөрү менен товарлары конфискациялана турганы эскертилген.

Бирок жергиликтүү байкоочулар түркмөн мыйзамдарында мындай нормалар жок экенин белгилешүүдө. Алардын айтымдарында, мыйзамда чет өлкөлүк валюта менен алгачкы бир нече жолку соодалашуу үчүн административдик жоопкерчилик каралган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: