Menu

Казакстанда тележурналисттердин профессионалдык деңгээли сынга алынууда

Бөлүшүү:

Казакстандын Маалымат жана коммуникациялар министри Даурен Абаев социологиялык сурамжылоонун маалыматтарына таянуу менен журналисттердин профессионалдык деңгээли казакстандык телекөрүүчүлөрдүн купулуна толбой турганын билдирди.

Министрликтин Астанадагы кеңейтилген жыйынында сурамжылоого катышкан жарандардын көбү казак телеберүүсүндөгү жарнаманын көптүгүнө, жергиликтүү контенттин жоктугуна, маалыматтык берүүлөрдүн аздыгына жана журналисттердин кесиптик деңгээлинин төмөндүгүнө нааразы экендиктери айтылды.

«Телеканалдар көрүүчүлөрдү кармап калуу үчүн жакшылап ойлонуп, тиешелүү иш-чараларды өткөрүшү керек», — деди Абаев. Абалдан чыгуунун жолу катары министр толук метраждуу тасмаларды тартуу, телеканал кызматкерлеринин натыйжалуулугун баалоо системасын киргизүү, кызматкерлерди тандоону жакшыртуу жана берүүлөрдү жайылтуу аймагын кеңейтүү чараларын сунуштады.

Өткөн жылдын декабрында Казакстандын телеканалдарын эл көп көрбөй тургандыгы жөнүндө Абаевге парламент депутаттары айтышкан. Парламентарийлер өкмөттүк саат маалында жергиликтүү ММКларда аналитиканын аздыгын жана журналисттик иликтөөлөрдүн жок экенин билдиришкен. Анда министр Абаев мекеме жергиликтүү ММКларды колдоо үчүн бир катар дем берүүчү механизмдерди иштеп чыкканын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: