Menu

Тажикстанда сел жүрүп, ондогон үйлөрдү талкалап кетти

Бөлүшүү:

Тажикстандын Рудаки районунда сел жүрүп, Зайнобобод айлында ондогон турак жай, айыл чарба аянттары жабыр тартты.

25-апрелде аймакта катуу жамгыр жаап, суу ташкынына алып келди. Натыйжада каналдардын нугу бөгөлүп, суу айыл тургандарынын үйлөрүн каптады.

Тажикстан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлагандай, селдин айынан 40тан ашуун короо жай жабыр тартты.

Маалыматтарга караганда, канал 26-апрелде тазаланды. Адам өмүрүнө коркунуч жаралган жок. Чыгымдар такталууда.

Бул арада ошол эле күнү өлкөнүн түштүгүндөгү Яван районунда дагы суу ташкыны катталды. Баткак аралашкан сел Бешкаппа кыштагындагы үйлөрдүн терезесине чейин жеткени айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: