Menu

Жумагулов: Аймактык медианы оптималдаштыруу максатынан кайра тартпайбыз

Бөлүшүү:

Аймактык гезиттерди реформалоо – заман талабы. Бул тууралуу “Азаттыкка” маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов билдирди. Ал райондук жана облустук гезиттер менен телеканалдар бюджеттен бөлүнгөн 100 млн. сомдон ашуун каражаттын аз гана бөлүгүн жаба турганын белгиледи:

– Райондук гезиттер бүгүнкү окуяны бейшемби же жума күнү чыгарып жатса, анын эмне кереги бар? Азыр үч киши отуруп алып бир сайтты күнүгө жаңылап чыгарып жатышат. Биз болгону оптималдаштыруу жөнүндө сөз кылып жатабыз. “Кайсы бир райондо жаңылык болсо Интернетке да дароо берип, телеканалдарга да видео тартканды үйрөнгүлө, сайттарга чыгарып жаңыча иштегиле” дедик. Баарын жаап салуу жөнүндө сөз жок, райондук гезиттер да өзүнчө тарых. Алардын имараттары калат. Бул жаңыча иштегиси келбеген, жылуу орундан козголгусу келбеген редакторлордун жазган арызы болсо керек. Биз оптималдаштыруу максатынан кайра тартпайбыз.

Жумагулов Кыргызстан боюнча он чакты гезит чарбалык эсепке өтүп, өзүн багып калганын кошумчалады.

Буга чейин өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу ондон ашуун райондук жана облустук гезиттердин жетекчилери реформага каршы экенин билдирип президентке кайрылышканын кабарлаган. Президенттик аппарат бул кайрылууну кайра карап чыгыш үчүн өкмөткө тапшырган.

Кыргызстанда бюджеттен каржылануучу 34 райондук, 12 облустук гезит жана алты облустук телеканал бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: