1-майда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Өзбекстандагы үч күндүк сапарынын алкагында Бухарага барды.
Бухарада Режеп Тайып Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоганды Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жубайы Зироатхон Хашимова коштоп жүрүштү.
Түрк президенти алгач Бухарадагы Бахауддин Накшбанддын мавзолейине барды. 1544-жылы бухар эмири Абдулазизхон ибн Убайдуллохон тарабынан негизделген мавзолейде Хазрат Бахауддин менен анын апасынын күмбөзү бар. Түркиянын Анадолу агенттиги өлкөнүн дин иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Али Эрбаш мавзолейдин кире беришинде ыйык Курандагы аяттарды окуганын жазды.
Андан соң Эрдоган түрк делегация өкүлдөрү менен бирге комплекстин аймагында жайгашкан медресеге, «Арк» деп аталган байыркы коргонго, «Пои-Калон» архитектуралык ансамблине жана Ляби Хауз тарыхый комплексине барды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ