Menu

Албек сатылган жерлер үчүн жооп береби?

Бөлүшүү:

“Атамбаевди бир тууганымдай көрөм” деген Албек Ибраимов борбор калаанын мэрлигинен кетерине саналуу күндөр калды дешет билгендер. Бир тууган агасындай көргөн адамдын кылык-жоругу мэрди да ордунан козгой турган болду. 29-апрелде Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракесин өткөргөндөн кийин эле шаардык кеңеш жыйналып шыпырышат экен. Исаковдун өкмөтүн Жогорку Кеңеш шыпырып түшкөндөй эле. Анын биринчи кадамы катары ушул жумада шаардык кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаттары Ибраимовду чакырып, отчётун угушту. Коштоп кирген орун басарларын болсо, ишиңерди кыла бергиле, силердин керегиңер жок дегендей кылып айдап чыгышты. Депутаттар шаардагы жерлер мыйзамсыз сатылып кеткени боюнча Албекти алкымдан алышып, отчётун канааттандырарлык эмес, башкача айтканда Албектин ишине 2 деген бааны беришти.

Албек мырза кызматтан кетип эле тим болбостон, андан кийин өзүнүн иниси Максат Кунакуновдун жанына барып түшүп калбагыр эле. Экс-депутат Кунакуновду «террорист» деп Албектин жандай көргөн агасы Атамбаев камаганда, инисине болушмак түгүл, кабарын алганга жарабаптыр. Бийлик, байлык деген жакын туугандан да жогору турарын Ибраимов көрсөттү. Жакын адамы “террорчу” делип камалып жатканына карабай, шефине күлүп-жайнап кызматын өтөдү.Эми болсо мына өзү «шаарда жүз гектардан көп жер сатты» деген шек менен кылмыш иши козголуунун алдында турат. Байлыктын кумары адамды эмне гана кылдырбайт чиркин.

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: