Бүгүн, 10-ноябрда, ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумунда Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинден телефон аркылуу сүйлөшүүнү өтүндү.
Кеңештин видеоконференция форматындагы жыйынында Садыр Жапаров сөз сүйлөп, Россия Федерациясынын жетекчилигине жана жеке Владимир Путинге коронавируска каршы күрөшүүдө Кыргызстанга өз убагында жана үзгүлтүксүз жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.
“Республикасы евразия интеграциясы маселелери боюнча Россия Федерациясынын ар дайым ишенимдүү өнөктөшү болот. Мамлекеттер аралык, экономикалык жана маданий байланыштарыбызды өнүктүрүү багытыбызды ырааттуу улантабыз. Биздин өлкөлөр ортосунда кызматташуу боюнча бир катар актуалдуу маселелер бар. Мен аларды телефон аркылуу байланышып, талкуулоону өтүнөр элем” – деди Жапаров.
Владимир Путин жакын арада Садыр Жапаровго телефон чала турганын айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ