Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-сентябрда, Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигиндеги мүчөлүгү алкагында кызматташтыктын актуалдуу темалары талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Тигран Саркисянды Бишкектеги «Евразия жумалыгы» эл аралык форумунун ийгиликтүү өтүүсү менен куттуктады.

Евразиялык аймакта ишкердикти өнүктүрүү боюнча коюлган милдеттерди практикалык ишке ашырууга сезилээрлик салым кошоруна ишенимин билдирди.

Президент ЕАЭБ алкагында өлкөлөрдүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү, өз ара соода жүгүртүүдө тоскоолдуктарды жоюу зарылдыгын дагы бир ирет белгиледи.

Ал 5 жыл аралыгында ЕАЭБ экономикалык интеграциялык биримдик катары өзүнүн туруктуулугун жана натыйжалуулугун далилдегенин баса белгиледи.

ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян 5 жыл мурда ЕАЭБ алкагында өлкөлөрдүн улуттук кызыкчылыктары кандайча иштей турганы боюнча белгилүү бир божомолдор бар болгонун белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө айрым пайда болгон маселелерди ыкчам чечүү үчүн система толугу менен калыпка келгендигин белгиледи.

Тараптар ошондой эле Ереван шаарында (Армения) өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана «Евразиялык контитенттин потенциалы» эл аралык форумунун жыйындарынын күн тартибин талкуулашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: