“Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев көпчүлүк коалициясынын лидери болуп шайланды. Эске салсак, ал буга чейин спикерликке атсалышканда, айрым бузукулардын бут тосуусу менен өтпөй калган. Мына эми кайрадан башына бак конуп, экинчи ирет коалиция башына келип отурат. Бул да болсо Кудайдын буйругу болсо керек. Кыргызда чуркай турган аргымакты канчалык жата кала үркүтсөң да, баары бир маарага келе турганын билебиз. Канат Кедейканович дагы келечекте кө-өп ийгиликтерди багындырса керек. Азыр болгону 41 жашта. Саясатта багытын түз кармап, элге жакын болуп, адамгерчилигин бийик койсо, аша турган ашуулар, дагы далай кылчайнашуулар күтүп атса керек. Себеби, андай кыйынчылыктын баары акырында ийгиликтер менен коштолот. Ток этери, ар дайым баскан изиңиз жеңиш менен коштоло берсин, Канат мырза!
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ