Menu

Кеп Акаевдин кызынын келишинде эмес, кептин баары башкада

Бөлүшүү:

Кезинде, миңдеген жылдарда пайда болгон таптаза табиятыбыздын тарпын чыгарып, канадалык компания менен (1994-жылы) эң чоң кылмыштуу келишимге барган, ошондой иштеринин негизинде бийликке болгон сугалактыгы күчөп олтуруп, акыры Кыргызстандын башкы бийлик бутактарын үй-бүлөсү, күйөө баласы жана башкалары менен ээлеп алууга бел байлап, парламентке баласын эле эмес, кызын да кызылдай эле бийликтин күчүнө салып алып келгенде акыры жаалданган эл бийликтен тоголото түртүп, натыйжада Москвага качып кеткен А.Акаев азыр ал жактын маслокрад кепөстөрү жашаган Рублевка деген массивинде мантайып жашап жатат. Анда-санда эч нерсе болбогондой Кыргызстанга алыстан акыл айтып коюп. Кумтөр демекчи, дүйнөлүк кылым аферега айланган ошол кен байлыктын ырыскысын дээрлик 25 жылдан бери канчалаган акционерлер жалмап келе жатат. Андайлар азыр да талкаланган табиятыбыздын эсебинен нечен-нечен миллиондогон жашылбайларды жыл сайын саап алып жатышканы да жалган эмес. Ошол акционерлердин арасында ошондой кылмыштуу келишимдин башында турган А.Акаевдин ысымы жок дегенге деле эч ким ишенбейт болуш керек. Ал кишини антип эстеп жатканыбыз, кечээ анын тун кызы көпкө созулган тыныгуудан кийин Кыргызстанга кирип келгени туурасында кабар бардык маалымат каражаттарында бажырайып башкы кабарлардан болуп жарыяланып калганында болду. Кудум Жанна д’Арк кирип келгенсип “Бермет Акаева Кыргызстанга келди” деген баш тамгалар менен жазылып. Эми ошол Акаевдин ошол кызы эл аралап, эч уялбастан эле акыл айтып кирбесе болду. Анчалык Ала-Тоосун сагынса кур дегенде бир жыл мурун же бир ай мурун баш бакса да анчалык “анонс” жаратпайт эле. Качкын президенттин кызы куп А.Атамбаев камалгандан кийин кирип келип жатпайбы…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: