Menu

Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгы белгиленет

Бөлүшүү:

Быйыл Кыргызстанда “Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленет. Кыргыз өкмөтүнүн билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жанна Саралаева бул иш-чараларды өткөрүш үчүн вице-премьер-министр Алтынай Өмурбекова башында туртан уюштуруу комитети түзүлгөнүн 15-августтагы басма сөз жыйында билдирди. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбековдун айтымында, 1-сентябрда акындардын айтышы, 23-сентябрда гала-концерт этот. Мындан сырткары, аталган министрликке караган райондук гезиттер жана облустук телеканалдар, окуу жайлары жана мектептер, театрлар мамлекеттик тил майрамын белгилөөгө катышат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова учурда дүйнөлүк системада жүргүзүлө баштаганын, бала бакчаларда, мектептерде, ЖОЖдордо мамлекеттик тилди билүүнүн жаңы ыкмалары иштелип чыгып жатканын кошумчалады.
«Кыргызтест» мамлекеттик ишканасынын директору Батма Топоева-Ставинская мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата эл аралык конференция өтөрүн, «Кыргызтест» учурда бул багытта иштеп жаткан Орусиядагы, Казакстандагы, Голландиядагы уюмдар менен кызматташа баштаганын маалымдады.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам 1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынган. Коомчулукта кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салым кошот деген мыйзам иш жүзүндө толук иштебей жатканы тууралуу сын-пикирлер арбын.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: