«Ыйман Нуру» саясий партиясынын лидери Айбек Осмонов Жогорку Кеңешке шайлоого катышпайт. Бул тууралуу анын билдирүүсүндө айтылат.
Ошондой эле Айбек Осмонов партиянын саясий кеңешинин төрагасы катары ыйгарым укуктарын токтотууну чечти.
«Мен кызматтан кетүү арызымды тапшырдым. Демек, алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу ниетинде эмесмин. Партиянын өзүнө келсек, саясий кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү “Ыйман Нуру” шайлоо өнөктүгүнө катышууну улантууну чечишти», – деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, Айбек Осмонов “Мекеним Кыргызстан” партиясын негиздөөчүлөрдүн катарында болгон, кийинчерээк “Ыйман Нуру” партиясын негиздеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ