Menu

Кычкыл тамаша: Чымын чапкычка конкурс жарыяланды

Бөлүшүү:

Он беш күндөн кийин күн жылып баштайт буйруса. Ошондо коңулда жаткан чымындар кыймылга кирет. Анан учуп-конуп жакшы тамактардын баарына  кесепетин тийгизе баштайт. Кысталак,чымындардын жүрбөгөн жери жок. Жакшыга деле, чирикке деле ылгабай коно берет да акырында булгап кетет. Анын зыяны кадимки тирүү жүргөндөргө  илешет. Ошондуктан  дайыма ысыкта чымындарга каршы чаралар көрүлөрүн жамы журт билет.  Бири  дарыларды колдонсо,экинчиси чымын жабыштыргыч заттарды  ар жерге илип  арга табууга киришет. Айтор, чымынга каршы  чабуулдар кыймылга келет.

Ушул жаман илдеттин алдын-алуу ниетинде биз да тим турбай конкурс жарыялоону эп көрдүк. Учурда илгери түркүн партияларды жандандырып, кубаты тайганда иш таппай калган кыйындар  жок эместир? Ошолорго кызыктуу долбоорду киргизүүгө эмнеге болбосун? Жок дегенде коомго пайда келтирсин да?  Чымын чапкычтын мыктысын ойлоп тапкандардын конкурсу ишке кирсе  сонун эле болгону турат. Маселен, аты өчө баштаган “Алга Кыргызстан”, “Ак  Жол”, “Жаңы Кыргызстан” деген партиялардын тың чыкмаларын неге ушул конкурска тартпайбыз? Алар деле таптакыр ишке жарабай калды дештин өзү туура болбой калат. Алардын катарына кийинчерээк “Ар Намыс”, “Айкөл эл”, “Улуттар биримдиги”, “Өлбө жаным” аттуу партиялар  кошулуп кетерине жүз пайыз ишеним бар. Себеби, жөн эле жамбаш талытып жата бергенден майнап чыкпайт. Анын үстүнө саясатка тиши өтпөй калган башчылар, кошчулар  үчүн ушундай конкурс жандандырылганы эптүү болуп жатпайбы.  Ошондуктан бери дегенде чымын чапкычты ойлоп таап, зыянкечтерди жоготууга жардам беришсе эл ичинде жылуу пикир өсүп чыкмак.

Албетте, конкурска катышууну каалагандарга чек коюлбайт. Минскиден деле, Москвадан дагы, Урумчиден,  Катардан, Пензадан, Алма-Атадан  деле  конкурска  толук кандуу түрдө катышууга мүмкүнчүлүгү бар экенин эскерте кетели.  Эгерде убактысы тар болсо үлгүсүн, мүнөтүнө канча чымын жок кылууга шартталганын,  алгачкы  ирет канча даанага чейин чапкыч жибере аларын СМС аркылуу  билдирсе болот. Ал эми жергиликтүү партиялардын (чирип бараткандардын) катышуусуна бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп беребиз. Арийне, өлкөнүн алдыга жылуусуна тоскоолдук жараткан чымындарды массалык түрдө жоготууга зор салымын кошкондор байгесиз калбайт.  Башкы сыйлык-чымыны жок Аляскага саратанда эки кишилик  жолдомо берилет. Калган сыйлыктар деле эч кимди кайдыгер калтырбайт.  Кана эмесе, конкурстун ажаатын ачууга киришели?  Кыларга иши жок жаш партиялар деле ойлонуп көрсө болот. Тим тургандан көрө чымынды жоготууга көмөк көрсөткөнгө неге болбосун? Мекенчилдик оболу чымынды “кор” кылуудан башталсын. Коомубузду зыянкечтерден сактоо баарыбыздын айкын милдетибиз!

Булак: Ачык сөз 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: