Menu

Кыргыз балбаны Атабек Азизбеков Токио олимпиадасына жолдомо алды

Бөлүшүү:

Учурда дүйнө коомчулугунун, спорт күйөрмандарынын көңүлү Казакстандын Нур-Султан шаарына бурулуп турат. Себеби 14-сентябрда Нур-Султан шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталып, анда 103 өлкөнүн миңден ашуун балбаны күч сынашып жатышат.

Бул дүйнөлүк таймашуунун дагы бир өзгөчөлүгү биринчи орундан бешинчи орунга чейин жеңүүчүлөргө 2020-жылы Токио шаарында өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга 108 жолдомо ыйгарылат. Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү мен деген мыкты балбандардын баары Нур-Султан шаарында багын сынап жаткан учуру. 16-сентябда Азия чемпионатынын эки жолку күмүш байге ээси, кыргызстандык балбан Атабек Азизбеков Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын 87 килограмм салмакта коло байгеси үчүн болгон көңүл жубатуучу беттешинде кытайлык Жуинже Наны 6:1 эсебинде жеңди. Бул жеңиш балбанга коло байге үчүн күрөшүүгө жол ачты. Ошондой эле Атабек Азизбеков 2020-жылы Жапонияда өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомосуна ээ болду.

Кечээ, 15-сентябрда грек-рим күрөшүнөн олимпиадалык жолдомолор үчүн таймашуулар башталган. 87 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн кыргыз балбаны Атабек Азизбеков алгачкы беттешинде латвиялык Лаймутис Адамайтисти 4:0 эсебинде жеңип алып, кийинки беттешүүгө жолун ачкан эле. Кийинки таймашууда дүйнө
чемпионатынын жеңүүчүсү, венгиялык Виктор Леринц балбанга утулуп калган. Бирок атаандашы, венгриялык балбан финалга чыккандыктан Атабек Азизбеков коло байге үчүн талапкерлердин таймашында түркмөнстандык балбан Шихазберды Обелеков менен бүгүн, 16-сентярда күч сынашып, аны 6:0 эсебинде артыкчылык менен утуп алды. Эми Атабек Азизбеков коло байге үчүн өзбекстандык Рустам Ассакалов менен беттешет.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча 19:00дө башталат. 16-сентябрда 60,77 жана 130 килограмм салмактарда күч сынашуулар өтүп жатат. 60 кг салмакта Азия чемпиону, Азия оюндарынын эки жолку күмүш байге ээси, кыргыз балбаны Каныбек Жолчубековдун алгачкы атаандашы, түркиялык Кемел Камалды 15:7 эсебинде утканы менен 1/16 финалда кытайлык атаандашына алдырып коюп, мелдештен четтеп калды.

Ал эми 77 кг салмакта кыргыз балбаны Кайрат Түгөлбаевдин алгачкы атаандашы фин балбаны Нико Оскари Ерколла болуп, аны 7:0 эсебинде утканы менен 1/16 финалда франциялык балбанга 3:1 эсебинде алдырып койду.

130 килограмм салмакта өлкө намысын Азия чемпионатынын жети жолку жеңүүчүсү, Рио-де-Жанейро олимпиадасынын катышуучусу Мурат Рамонов коргоп, ал биринчи беттешүүдө польшалык балбан Рафаэл Кражевский менен күч сынашып, 10:0 эсебинде утуп алды. 18 финалда Рамонов казакстандык Мансур Шадукаевди 2:1 эсебинде утуп, чейрек финалда дүйнө чемпионатынын эки жолку коло байге ээси,кубалык Оскар Пино менен күч сынашып, 6:4 эсебинде утулуп калды. Эми кубалык балбан финалга чыкса, анда Мурат Рамонов коло байге үчүн күч сынашып, олимпиадага жолдосо алып калышы ыктымал.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: