Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна берген маегинде «күч органдары кимге көз каранды болсо, парламент ошого баш иет», – деп билдирди. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кааласа «акты кара» кылып коё алат. Ошондуктан депутаттар бул органдан коркушат. Буга байланыштуу: «Мындан улам айрым эл өкүлдөрү элди эмес, бийликти тандап кетүүдө. Себеби УКМК президентке карайт. Ал эми президент мурдагы бийликтен калган адамдар менен күрөшүп бүтө элек. Андыктан азырынча колдоп, күтүп туруу зарыл», – деп таамай айтып келе жатып эле аягын тайсалдатып, жымсалдатып бүтүрдү. Кантсе да саясатчы болуп калыптыр. Сөздү бултаңдатып, ыңгайына жараша буруп кеткенге кынык алып…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ