Menu

Күч органдары чалажан болуп, президентти уят кылышууда

Бөлүшүү:

Бир канча айдан бери  Башкы прокурор, УКМК жана Антикоррупциялык кызмат жетекчилигине нааразы болгондор арбыды. Президент койгон коррупция менен күрөшүү тапшырмасын так жана толук кандуу аткара алышкан жок. Парламентке барып ал жерде өздөрү суракка түшкөндөй  байкуш боло калышкандарычы. Алты айдан бери Манас Арабаевди колго түшүрө албай, президентти катуу уят кылышты. Мамлекет башчы “мен сотторго кийлигишпейм, Манас Арабаевдин заманы бүттү” дегени менен, ал камакка азыркы күнгө чейин алына элек. Кулматовдун уурулук кылганын далилдей албай, аны жыйырма жыл мурун мыйзамсыз паспорт алган деп соттоп атканы жүз миңдеген эки паспорту бар кыргызга жаккан жок. Күн өткөн сайын, абакка түшкөндөргө элибиз жан тартып, боору ооруп баштарында күмөн жок. Мына, Сапар Исаковдун  аялы “жалгыз квартирабызды саттык” деп, байкуш кембагал болуп калганын көрсөтүүдө. Ал квартира элиталык үйдө, Өмүрбек Текебаевдин квартирасынан эки эсе чоң болгонун, анан аны Исаков соттолору менен мамлекет  конфискация кыла турганын айтышпайт.

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: