Menu

Азимбек Бекназаров, “Эл үнү” кыймылынын лидери:“Оппозиция бийликке караганда мамлекеттин бүтүндүгүнө, элдин тынчтыкта жашашына көбүрөөк куштар”

Бөлүшүү:

Азимбек мырза менен бу сапар Аксыдагы өзбек тарап жоокерлери менен аскердик техникасын киргизип жиберген талаштуу жер тууралуу баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

-Азимбек мырза, чек арадагы жоокелерге тамак-аш алып келип жатыпсыз. Алардын акыбалы кандай экен?

-Акыбалдары жакшы эле экен. Аксынын кулуну болгондуктан, бул маселени көңүл тышында калтырбай чек араны кайтарган жоокерлерден кабар алып, маселенин тынчтык жол менен чечилишин күтүп жатам.

-Бирок,  бийликте чек арадагы чырды оппозиция пайдаланып кетет деген кооптонуу күч экен го. Чындап эле сиз Аксыда  жагдайды оорлотуп, бийликке сокку уруунун айласын издеп жатасызбы?

-Оппозиция десе эле  дооматты ченебей койгонду токтотушса болот эле. Оппозиция да тынччылыкты  каалайт. Оппозиция бийликке караганда мамлекеттин бүтүндүгүнө, элдин тынчтыкта жашашына көбүрөөк куштар. Оппозиция элди көкүтпөйт. Президенттей болуп, “бири-бириңерди таш бараңга алгыла” деп чакырык жасабайт. Элди массалык тополоңго үндөбөйт. Оппозициянын кичине болсо да акылы бар. Ошондуктан, оппозиция эч качан бийлик кооптонгондой чек арадагы жаңжалды күчөтпөйт.

Айтайын дегеним, эл башчысы оппозицияга салыштырмалуу Ошто сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирип, элди туура эмес багытта үгүттөдү. Эгер президент жасаган чакырыкты башка бирөө айтканда эбак кылмыш ишин козгоп, аны эл бузар кылып, жоопкерчиликке тартып, тиешелүү чара колдонушмак. Бул сөздү президент айтканы үчүн тиешелүү органдар укса да укмаксан, билсе да билмексен болуп отурушат.

-Президент Аксыга барганда досуңуз катары сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болдубу?

-Биринчиден, ага жагалданып сүйлөшөйүн деген  жокмун. Болгону, кол алышып эле учураштык. Президенттин  ишенимдүү адамы Илмиянов “сиз бул жакка эле отурбайсызбы?”- деп Атамбаевдин жанындагы орундукту көрсөткөндө мен протокол боюнча ал жакка отурганга укугум жок. Ал жерге губернатор отурушу керек. Менин ордум элдин арасында деп элдин арасына кетип калдым.

-Президент Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүүдө Ошто айткан сөздөрүн кайталаган жокпу?

-Кайталаган жок. Эгер Ошто айткан сөзүн Аксыда дагы айта турган болсо, мен да өз жообумду берейин деп даяр тургам. Ал тургай президентке каяша айтам деп аксакалдардан дагы уруксат сурап койгом. Аксакалдар “үйгө келген кишини ит кабат кылбай эле койсоң болот эле. Эгер дагы ошол жактагы сөздөрүн кайталай  турган болсо, досуң катары эскертүү берсең берип кой” дешкен. Бирок, Атамбаев Аксыда 10 жылдан бери  айткан сөзүн кайталап, ыраазычылыгын билдирип, ашык сөз сүйлөгөн жок…

-Атамбаевдин эл аралаганы кырдаалды жөнгө салып, элдин президентке болгон ишенимин жогорулатып жатабы же тескерисинче төмөндөттүбү?

– Атамбаевдин ошко барганы  кырдаалды жөнгө салып, эл ишенимине ээ болмок тургай элдин ага болгон урмат-сыйын жоготту.  Анткени, президенттин акылга сыйбаган орой сөздөрү анын беделин ого бетер түшүрүп койду. Себеби,  Алмаз Атамбаев ал жерден президент эмес, көчөдөгү селсаяк да айтпай турган сөз сүйлөдү.

-Азимбек Анаркулович, өзбек тарап кыргыз бийлигин тоготпогону үчүн  талаштуу жерге чек арачылары менен аскердик  техникасын  киргизип, эл аралык конвенцияны бузганынын себебин  түшүндүрбөй жатабы?

-Андай десек да болот. Анткени, Каримов прагматик. Биздин бийлик менен  сүйлөшпөйт,  сүйлөшкүсү да келбейт. Ошон үчүн өз билгенин кылып, Тышкы иштер министри жазган нотага да жооп бере элек. Менимче бул маселеге Россиянын президенти Путин кийлигишип, маселени чечиши керек. Анткени, биз өзбектер менен кылымдар бою чектеш жашаган  элбиз. Советтер союзунун курамына да киргенбиз. Ушул жагдайдын баарын эске алып, Путин ОДКБ менен бирдикте туура чечим кабыл алып, чек ара маселесин ызы-чуусу жок тынчтык жолу менен чечиши керек.

-Путин чечиши керек дегенибиз менен чек ара кызматынын аракети менен  чек араны кайтарган баштагы 20 жоокерден саны азайып, эки тараптан тең  8ден гана жоокер калганы айтылууда. Чек ара кайтарган жоокерлердин санынын азайышы кырдаал жөнгө салына баштады дегенди билдиреби?

– Чек араны кайтарган жоокерлердин саны азайып калганы маселе чечилди дегенди эмес, туңгуюкка кабылды дегенди билдирет. Бирок, аны чек ара кызматы иш алдыга жылып жаткандай таасир калтырып айтып жатышат. Маселе чек араны кайтарган жоокерлердин санын азайганы менен эмес, жогоруда айткандай  ОДКБнын жыйынындагы кабыл алынган чечимге жараша чечилет.

-ОДКБсыз чечим кабыл алалбайбызбы?

-Кабыл алалбайбыз. Анткени, биздин бийлик алсыз. Биздин мамлекет башчынын бул маселени чечкенге күчү жетпейт. Себеби,  бул конфликти  мамлекет башчыбыздын тышкы саясаттагы  өйдүк- сөйдүк саясаты жаратты.  Ошон үчүн ОДКБнын аракетисиз эч нерсе чече албайбыз. Жогоруда айткандай бул маселе  ОДКБнын чечими жана Россиянын президенти Путиндин  конфликти канчалык деңгээлде жөнгө салганына жараша чечилет.

-Бул конфликтин чыгышына  президенттин тышкы саясаттагы аракети себеп болду дегидей ал кандай катачылыктарга жол берди?

-Бул кырдаалдын жаралышына президенттин тышкы саясаттагы өйдүк-сөйдүк кеби себеп болду дегеним, президент  башка мамлекеттин президентине же башка мамлекеттин саясатына сын-пикир айтаардан  мурда өзүмдүн мамлекетиме жана мага ошол айткан сөзүмдүн  залакасы тийип калбайбы деп ойлонушу керек. Азыр мына ошол ойлонулбай сүйлөнгөн сөздөрдүн запкысын тартып жатабыз.

Азимбек мырза, эгер ОДКБ жарытылуу чечим кабыл албай турган болсо, бийлик тиешелүү чара көрө албаса, бул маселени биз чечебиз, бийлик чара көрбөсө, биз чара көрөбүз деп эл арасынан чыгып жаткан  демилгечи топтор боюнча оюңуз кандай?

-Колдобойм. Анткени, чек ара маселеси кызыл чеке болуп кырылышып, эл чече турган маселе эмес. Бул маселе эл башында турган расмий бийликтин согушуу эмес, сүйлөшүү жолу менен чече турган  иши. Ошон үчүн муну митинг жолу менен чечкенге болбойт. Айтайын дегеним, эл чара көрсө, анда согуш башталат. Согуштун өзбекке да, кыргызга да кереги жок. Ошондуктан, биз саясатчылар элдин андай кадамга барышына жол бербешибиз керек. Эл бул маселени чечүүдө ачууга алдырбай, сабырдуулук кылып,  жогору жактагыларды маселени чеч деп  түрткүлөп, мажбурлап турушу керек.

-Азимбек Анаркулович, өзбектер көз арткан талаштуу жер 300 жыл мурун өзбектерге караган деген  кептер айтыла баштады. Ошол чынбы?

-Өзбектер көз артып, ээлеп алабыз деген талаштуу жер илгертен эле кыргыздарга тиешелүү. Эчен кылымдан бери ата-бабабыз жердеген жер. Ал турсун Советтер союзу мезгилинде дагы бул жер Кыргызстанга караган. Азыр дагы Кыргызстандын жери. Аксынын кулуну болгондуктан, бул жердин тарыхын жакшы билем. Талаштуу жердин өзбектерге эч кандай тиешеси жок.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: