Menu

Ички иштер министрлиги жалган маалымат боюнча түшүндүрмө берет

Бөлүшүү:

Акыркы күндөрү коомчулук деле укук коргоо органдарынын жетекчилерин каралоо максатында Интернет-мейкиндикте чыккан жалган маалыматтарга көңүл бурбай калышты. Бул маалыматтар ички иштер органдарынын жетекчилигине жана кызматтык аброюна шек келтирүү максатында кимдир-бирөө тарабынан уюштурулган кара пиар деп эсептөөгө болот.

Жакында, социалдык тармактарда жана кээ бир маалыматтык агенттиктерде ушул көрүнүштөгү макала жарык көргөн. Башкача айтканда, Telegraph (telegra.ph) сервиси аркылуу жарыкка чыккан автору жашыруун макалалар бүгүнкү күнү социалдык тармактарда жана маалыматтык агенттиктерде жарыяланып жатканын сөз кылып жатабыз. Жашыруун автор өз материалында ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков тууралуу сөз кылып, инсандын намысына жана аброюна шек келтирген жалган маалыматты тараткан. Аталган макала ички иштер министринин биринчи орун басарын каралоого багытталып, коомчулуктун ой-пикирин терс жакка өзгөртүүгө аракет жасагандыгы ачык көрүнүп турат. Бизде жалган сөздөрдү жайылтып, далилденбеген маалыматтарга сын-пикирлерди айткан чеберлер көп. Укук коргоо органдарынын жетекчилерин ушул көрүнүштөгү жалган маалыматтар менен ушактоо мындай авторлорго аябай кызыктуу иш экендиги билинип турат.

Көп учурда, жашыруун авторлор ушак жазуу менен алектенишип, чектен чыгып кетишүүдө. Алар үчүн жалган маалыматтардын жана ушактардын негизги темасы укук коргоо органдары жана ички иштер органдарынын жетекчилери болуп калды. Кээ бирөөлөр үчүн ИИОнун имиджи оң тарапка өзгөрүлүп жаткандыгы тынчтык бербеши мүмкүн. Ушул көрүнүштөгү макаланын максаты социалдык тармактар жана маалыматтык агенттиктерди колдонуу менен Кыргызстандын ички иштер министрлигинин имиджине терс көрүнүштөгү так калтыруу. Акыркы күндөрү министрликтин түзүмүндөгү өзгөрүүлөр, коомчулук тарабынан кызуу талкуу жараткан кылмыш иштеринин бетинин ачылышы кээ бир чөйрөгө тынчтык бербей жаткандай. Калп жана бирөөнү ушактоо эч кимге жарашпайт, бирок, мунун артында кандайдыр бир кызыкчылыктар жаткандай көрүнүп атат.

Андан сырткары, ушул көрүнүштөгү макалалар окурмандардын күмөн оюн жаратты, эмнеге дегенде айрым көз караштардан жана ой-пикирлеринен жаралган далилденбеген маалыматтарды, макалаларды, ар кандай калптарды айтып тараткандыктан бул автор балким акылы кемби деген ойлор жаралууда. Жазган адам өзү ойлонбостон, бирөөнү жамандап, ушактап, калп маалыматтарды таратуу менен коомчулук арасында ишенбөөчүлүктү жаратып жатат.

Ушуга байланыштуу, ички иштер министрлиги социалдык тармактарда жана маалыматтык агенттиктерде жарыяланып жаткан маалыматтардын чындыкка дал келбегендигин билдирет. Аталган сервисте жарык көргөн маалымат укук коргоо органдарынын кызматкерлерин каралоо максатында жазылгандыгын билдиребиз. Ички иштер органдары жөнүндөгү жашыруун түрдө даярдалган маалыматтар коомчулук тарабынан терс кабыл алынып, милицияга болгон ишенимди кетирет жана мамлекеттик укук коргоо органдарын жек көргөзүүнү көздөгөнүн белгилеп кетүү керек.

Ар бир милиция кызматкеринин кесиптик ар-намысы – ички иштер органдарынын курамындагы бардык кадрлардын авторитети, ошондуктан, алардын аброюна жана ар-намысына шек келтиргендерге тиешелүү деңгээлде иш-аракеттер көрүлөт.

P.S.Чынында эле үлкөн генералдарга сокку берүү кызуу улантылып жатат. Антсе да алтынды дат баспайт деген накыл кепке ынанып турабыз.

Булак: Ачык сөз 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: