Menu

Быйыл ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны Бишкекте өтөт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун жетекчилиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын Бишкекте өтө турган күзгү жыйынын өткөрүү боюнча түзүлгөн уюштуруу комитетинин отуруму болду. Иш-чараны өткөрүү боюнча өткөн жылы түзүлгөн жумушчу тобунун жетекчиси, Жогорку Кеңештин Аппарат башчысынын орун басары Тажимамат Шаболотов жасалып жаткан иштер тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле отурумга парламент депутаттары, Өкмөт өкүлдөрү жана аппарат кызматкерлери катышты.

Эске салсак, ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны үстүбүздөгү жылдын октябрь айында алгач ирет Бишкек шаарында өтөт. Эл аралык мааниси жогору бул иш-чарага дүйнөнүн 50дөн ашуун мамлекетинен 200дөй парламент өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Жыл сайын ар башка өлкөлөрдө өткөрүлүп келген ЕККУ ПАнын жыйындарында парламенттер ортосундагы кызматташтыктан баштап, эл аралык деңгээлдеги саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы алакалар талкууга алынат. Андыктан, Бишкекте өтчү кезектеги күзгү жыйында да олуттуу темаларда талкуулар жүргүзүлөрү мерчемделген. Иш-чаранын өткөрүү үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлүп, жумушчу тобу да иш алып барууда. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт өкүлдөрү жана алардын аппарат кызматкерлери тартылган.

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: