Menu

Канат Исаев Текебаев менен Бабановдун курмандыгы болду

Бөлүшүү:

Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан 12 жылга эркинен ажыратылган Канатбек Исаевге чыккан өкүмгө макул болбогон депутаттын адвокаттары Бишкек шаардык сотуна доо арыз жазды. Алар райондук сот мыйзамды бузуу менен депутатка өкүм чыгарды деген жүйө келтиришүүдө. Эске сала кетсек, сот депутатты 4-январда 2010-жылга чейин Токмок шаарын жетектеп турганда кызматынан пайдаланып мыйзамсыз иштерге барган деп тапкан. Исаев жана анын тарапкерлери бул өкүмдү “саясий буюртма” деп баалашууда. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, Канатбек Исаев мындан тышкары “мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган” деп да айыпталып жатат. Былтыр президенттик шайлоо алдында ал атайын кызматтын тергөө абагына белгисиз мөөнөткө камакка алынган эле. Ал иш боюнча тергөө аяктай элек. Кайран жигит, саясатта жаза басып, Текебаев менен Бабановдун курмандыгы болду. Мурдунун учунан алысты көрбөгөн мажүрөөлүгүнүн запкысын тартып жатат.

Булак: Фабула

           

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: