Тажикстан УКМКсынын алдындагы Чек ара кызматы өткөн жылы Ооганстан менен чек арада маңзатын алып өтүүгө аракет кылган 18 аткезчи жок кылынып, дагы 20сы кармалганын билдирди.
Мекеменин 2017-жылдын жыйынтыктары боюнча өткөн коллегиясында бир жыл ичинде тажик-ооган чек арасында 31 куралдуу кагылышуу болгону айтылды.
Мекеменин маалыматына караганда, андан тышкары чек арада 152 киши кармалып, алардын көбүн издөөдө жүргөн жарандар түзгөн. Ошондой эле чек арачылар тарабынан 1700 килограммдан ашык маңзаты алынган.
«Тажик чек арачылары башка күч түзүм кызматкерлери менен биргеликте ар түрдүү 25 даана курал-жарак, 605 ок, 9 кол гранатасын жана 40 даана аскер жабдуусун алышты», – деп билдиришти мекеме өкүлдөрү.
Тажик-ооган чек арасынын жалпы узундугу 1400 чакырымга жакын, анын басымдуу бөлүгү тоолуу аймак аркылуу өтөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ