Menu

Маркум Темир Жумакадыровдун ысымын ыйгаруу туура чечим

Бөлүшүү:

Өткөн жылы жол кырсыгынан көз жумган Темир Жумакадыровдун ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн аракеттер башталган. Маселен, маркум өсүп чоңоюп, мектепти аяктаган Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүнүн бирине Темир Жумакадыровдун ысымын ыйгаруу боюнча жагымдуу жаңылык чыкканы менен азырынча иш жүзүнө ашпай турат. Ошол эле Чолпон-Ата шаарында көчөлөргө ысым берүү боюнча мораторий кабыл алынып калганынан улам мындай иштер ордунан козголбой туру. Көзү өткөндөрдүн рухтарын ыраазы кылбасак, бу жалганда басып жүрүп не муратка жетебиз? Кыргыздын кыйындарын көзү барда баалабасак да, көзү өткөн соң татыктуу эскерип, рухун ыраазы кылышыбыз керек го? Андыктан, Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттары тез арада ушул маселени күн тартибине алып чыгып, ишти оң жагына чечишсе, арбак алдында ыраазы болорлук гана иш жасашмак. Коопсуздук кеңешин эки ирет жетектеп, кыска аралыкта президенттик аппаратты, андан соң өлкөбүздүн коргонуу, коопсуздук жаатына жооптуу вице-премьер-министрликти аркалаган Темир Жумакадыров мамлекеттик кызматта өзүнүн тазалыгы менен чыйыр салганы бар. Ушундай шартта бейиши болгур мындай инсандын ысымын унутпай, түбөлүккө калтыруу менен урпак алдындагы милдетибизди аркалашыбыз керек.

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: