Menu

Нурболот Үсөнбаев: “Таажывирус илдетин жуктуруп алуу себептери көп болушу мүмкүн”

Бөлүшүү:

“Таажывирус илдетин жуктуруп алуу себептери көп болушу мүмкүн”,- деди  Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев врачтардын ооруну жугузуп алуу жөнүндө суроого жооп берип жатып.

Учурда вирусту жалпы 98 медицина кызматкерлери жуктуруп алышкан.

Бүгүнкү күндө жуктуруп алуу себептерин тактап чыгыш үчүн атайын изилдөөчү жумушчу топтор түзүлгөн.

“Таажывирус илдети өтө жугуштуу оору. Айта кетсем дүйнө жүзүндө 22 миңден ашык дарыгерлер бул вирусту жуктуруп алышкан. Бул тууралуу биз дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарынан алып жатабыз. Биз дарыгерлерди жеке коргоо каражаттары, респиратор, бет каптар, кол каптар менен камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрдүк. Биз гуманитардык жардамды фонддордон, жеке ишкерлерден, донордук уюмдардан алып жатабыз. Ал эми аларды таркатууга болгон аракетибизди кылуудабыз. Бүгүн күндө бул жагынан кырдаал жакшырды ”,- деди Үсөнбаев.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: