Menu

Видео – Экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-спикер Дастан Жумабековдун мечиттен чыгып келе жаткан видеотасмасы тарады

Бөлүшүү:

Кечээ, 6-ноябрда, жума күнү социалдык тармактарда Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбековдун жума намазынан кийин мечиттен чыгып баратканы чагылдырылган видеотасма тарады.

Болжол менен видео Бишкектеги “Жал” кичи районунда жайгашкан мечиттин аймагында тартылган.

Сооронбай Жээнбеков мечиттен чыгып, журналисттер ага бир нече суроолорду берүү үчүн кайрылышат. Экс-президент ага комментарий берүүдөн баш тартууда. Күзөтчүлөрдүн бири журналистти артка сүрүүгө аракет кылып жатат.

Белгилей кетчү нерсе, Сооронбай Жээнбеков экс-спикер, парламенттин депутаты Дастан Жумабеков менен биргеликте жума намазга барды. Өткөн жумада ал Канат Исаев (ал учурда парламенттин спикери кызматын ээлеп турган) менен бирге жума намазга катышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: