Menu

Юстиция министрлигинде сот органдары менен пробация органдары практикалык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Кечээ. 5-ноябрда Юстиция министрлигинде сот органдары менен пробация органдары практикалык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,тегерек стол КРнын Юстиция министринин орун басары М.Э. Канулькуловдун жетекчилигинин алдында КРнын Жогорку сотунун судьясы А.Ш. Сыдыков, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы М.А. Термечиков тарабынан көрсөтүлгөн сот органдарынын өкүлдөрү, соттук-укуктук реформа боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү – Л.Ч. Сыдыкова жана Г.Р. Маматкеримова, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин кызматкерлери менен өткөн.

Тегерек столдо Пробация департаменти соттор менен практикалык иш-аракеттенүүдө келип чыккан маселелер талкууланган.

Атап айтканда, пробациялык баяндамаларды дайындоо жана даярдоо маселелери, пробация органдарынын компетенциясына кирген сот актыларын аткаруу жана башка маселелери.

Тегерек столдун аягында бир катар көйгөйлүү маселелер чечилген жана катышуучулар ушул эле форматта башка маселелерди талкуулоону улантууга сунуш кылышкан.

Белгилей кетсек, тегерек стол Пробация институтун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин чечимдерин ишке ашыруу боюнча 2020-жылга иш-чаралар планынын 3-пунктун аткаруу максатында өткөрүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: