Быйылкы жылды өлкөбүздө табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар өтө көп катталып жаткандыгына байланыштуу Ош шаарында Ош, Баткен облустарынын ошондой эле Ош шаарынын орто мектептеринин мугалимдери өзгөчө кырдаалдар боюнча окуулар өткөрүлдү. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Бул окуулар КР ӨКМнин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун окутуучу курамы тарабынан өткөрүлүп Билим берүү институтунан билимин жогорулатуу үчүн келген райондордун орто мектептеринин мугалимдерине уюштурулган.
Окутуучуларга болуп жаткан табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар боюнча жана андан сактануу жолдору жана жүрүм-турум эрежелерин боюнча кеңири билим ала алышты.
Окууга жалпысынан 24 мугалим катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ